Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жогорку экономика мектебинин студенттери бухгалтердик эсеп боюнча эл аралык олимпиадада биринчи орунду ээлешти. Олимпиада 9–10-апрелде Астана шаарында Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин базасында өтүп, бухгалтердик эсептин трансформациясы, анын ичинде заманбап тенденциялар жана тармактын өнүгүү келечеги маселелерине арналган. Ага Казакстандын жана Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынан 25 команда катышкан. Кыргызстандын атынан "Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" багытынын 4-курсунун студенттери: Урмат Азизов (команданын капитаны), Алихан Арли, Мадина Казылаева, Нурзада Сартбаева жана Нуркыз Эгембердиева катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында КУУнун командасы командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Мындан тышкары, Сартбаева жеке эсепте да жеңүүчү болду. Мелдештен тышкары, студенттер илимий-эксперттик иш-чараларга да катышып, анын ичинде санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү шартында эсеп жана аудиттин трансформациясы боюнча тегерек столдун ишине катышышты.
2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандагы орточо айлык акы 45,7 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Ага ылайык, жыл ичинде айлык акы 16 пайызга көбөйгөн. Эң жогорку өсүш айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоо тармагында болуп, 28,8 пайызга жогорулаганы байкалган. Ошондой эле кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк тармагында 26,2 пайызга, ал эми кыймылсыз мүлк иштери жаатында 24,5 пайызга олуттуу өсүш катталган.
Статистика комитети билдиргендей, ушул жылдын I кварталында бир адамга орточо жашоо минимуму айына 9,3 миң сомду түздү. Анын ичинен болжол менен миң сом тамак-ашка кетет, ал эми 1,5 миң сомго жакыны азык-түлүктөн сырткары товарларга жана кызматтарга жумшалат. Бул суммага салыктар да кирет. "Эмгекке жарамдуу адамдар үчүн жашоо минимуму мындан миң сомго көбүрөөк. Ал эми пенсионерлер жана балдар үчүн, тескерисинче, 1–1,3 миң сомго төмөн", — деп маалыматта айтылат.
ЕАЭБ данга, өсүмдүк майына, кантка, жумурткага жана канаттуунун этине болгон керектөөсүн өзү толук камсыздап жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян билдирди. Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин айыл чарба министрлеринин жыйынында сүйлөп, азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли 93,5 пайызга жеткенин айтты. "ЕАЭБ иштеп турган 11 жыл ичинде биримдикте айыл чарба продукциясын өндүрүү 130,8 пайызга өстү. Ал эми айыл чарба товарлары менен азык-түлүктүн экспорту 1,9 эсеге, өз ара соода 2,1 эсеге көбөйдү", — деди Баргесян. ЕАЭБ түзүлгөндөн бери айыл чарба продукциясын өндүрүү кыйла өскөнү кошумчаланды.
"Ты супер! Кыргызстан" долбоору таланттуу балдарды сынакка чакырат. Ага 7 жаштан 18 жашка чейинки катышуучуларды кабыл алуу башталганын белгилүү алып баруучу Вадим Такменев билдирди. Шоу "Номад ТВ" каналында көрсөтүлөт. Долбоор балдарга талантын ачууга жана өзүн өлкөгө таанытууга мүмкүнчүлүк берет.