14–15-апрелде Бишкекте СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган “Жаңы ысымдар” аттуу XI эл аралык студенттик театралдык фестиваль өтөт. Фестиваль жаш таланттарды колдоо, тажрыйба алмашуу жана эл аралык маданий байланыштарды чыңдоону көздөйт. Иш-чарага Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Азербайжан өлкөлөрүнөн келген студенттик театрлар катышып, өз спектаклдерин көрсөтүшөт.
Дал ушул театралдык фестиваль тууралуу уюштуруучу окуу жай Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Уланбек Турдалиев менен маек курдук.