Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугуп, визалык режимди жөнөкөйлөтүүнү сүйлөштү. Өкмөттүн маалымат кызматы тараптар соода-экономикалык, каржы, инвестиция, жарандык авиация, санкциялар, виза режимин жеңилдетүү сыяктуу бир катар маселелерди талкуулашканын билдирди. Минкаб башчысы президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, С5+1 форматындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Касымалиев өлкөнүн экономикалык өсүшү тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары экономика туруктуу өнүгүп жатканын айтты. Ошондой эле Кыргызстан АКШ менен инновация, санариптештирүү жана технологиялар жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.
Кыргызстанда облус жана райондор жоюлуп, ордуна 20 чакты округ түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда айтты. Мамлекет башчысы бул өлкөдөгү административдик-аймактык реформанын экинчи этабы болорун, алгач сынамык негизде бир округ түзүлүп, андан соң анын жыйынтыгы талданарын белгиледи. Жапаров реформанын биринчи баскычында айыл өкмөттөрдү бириктирүү ийгиликтүү болгонун кошумчалады.
Бишкекте иттер талаган Умар бир аз басып, ойноп, сүйлөп, тамак жеп калды. Баланын атасы Бекзат Туйтеев уулунун абалы жана эмки кадамдары кандай болорун айтып берген. Умар иттерди жек көрүп, катуу коркуп калганын да кошумчалады. "Кудайга шүгүр, мээси, акыл-эси, бардыгы жайында. Эми ушундай такыр баш болуп калбаса экен..." – деген атасы. Учурда Умар ооруканада дарыланууну улантууда. Дарыгерлер Умар менен кошо иттер жулуп салган баш терини кошо ала келишкенде аны тигип, аракет кылып көрүшмөктүгүн билдиришкен. Тилекке каршы, терини бир күндөн кийин таап келишкен. Учурда Түштүк Кореядан келе турган пластикалык хирургдарды күтүп жатышат. Алар ириде терини каптап, андан кийин чач өстүрүүгө аракет кылмай болууда. Эске салсак, 1-мартта Бишкектин түндүк тарабындагы Алтын-Казык конушунда короодогу ит сырттан ал жакка түшүп калган алты жашар баланы талап салган. Алар бөбөктүн баш терисин тыткылап, сыйрып, колу-бутун чайнап салып, учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Кыргызстандын медицина тармагында эмгектенген 20 кызматкер Россиядан органдарды алмаштыруу боюнча стажировкадан өттү. Бул тууралуу минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Россиянын башкы трансплантологу, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Готьенин жолугушуусунда айтылганын өкмөттөн маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, анда тараптар бул программа боюнча адистердин санын көбөйтүүнү талкуулашты. Кызматташтык Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору менен Россиянын Трансплантология жана жасалма органдар боюнча улуттук медициналык борборунун ортосунда натыйжалуу уланып жатканы айтылды. Органдарды трансплантациялоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы эксперттердин бири Сергей Готье сапарынын алкагында Улуттук хирургиялык борборго барып, анын жетекчилигинде боорду трансплантациялоо операциясы ийгиликтүү жасалды. Жыйынтыгында тараптар трансплантология чөйрөсүндөгү кызматташтыкты тереңдетип, адистерди даярдоону кеңейтүүнү макулдашкан.