Кыргызстанда жеке маалыматтарды коргоо маселеси өзгөчө актуалдуу болуп турат. Санариптик технологиялар өнүккөн сайын жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү болуп, мыйзамдык база да жаңыланууда. Учурда сунушталып жаткан мыйзам долбоору жеке маалыматтарды коргоону күчөтүп, мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти катаалдатууну көздөйт.
Жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетиши, мыйзамсыз колдонулушу сыяктуу учурлар көбөйүп жаткан шартта, адистер жарандарга жана компанияларга коопсуздук чараларын сактоо зарылдыгын эскертишет.
Бул багыттагы өзгөрүүлөр, жаңы талаптар жана жарандардын укуктарын коргоо маселелери тууралуу Жеке Маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин адистери менен маек курдук.