Иран өлкө жетекчилигин өлтүргөнү үчүн АКШ менен Израилди жоопко тартмакчы

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Тегеран иран жетекчилигинин өлүмү үчүн Вашингтон менен Тель-Авивди жоопко тартууну көздөйт. Бул тууралуу ислам республикасынын ТИМинин расмий өкүлү Исмаил Багаи айтканын РИА Новости жазды.
"Менимче, муну Иран эле эмес, бүтүндөй эл аралык коомчулук кааласа керек. АКШ менен Израилдин жасаганы — тынчтык менен коопсуздукка, жалпы адамзатка каршы кылмыш", — деген министрликтин өкүлү.
Багаи БУУнун Женева конвенцияларынын биринчи беренесине ылайык, мамлекеттердин баары гуманитардык укукту сактоого жана аны башкалардын да аткаруусун талап кылууга милдеттүү экенин эске салды.
"Вашингтон менен Тель-Авивдин жырткычтыгы бул эреже-тартипти бузду, демек, БУУ мүчөлөрү экөөнү жоопкерчиликке чакырышы керек", — деди ал.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иранга сокку ура баштаган. Биринчи эле күнү өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи, андан кийин аскердик жана саясий жетекчилер көз жумган.
Пентагон Кубага каршы "бир катар кадамдарды" таштай турганын жар салды