БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Ысык-Ата районунда жайгашкан Чүй агроөнөр жай аймагындагы "Асыл тери" заводу күзүндө пайдаланууга берилет. Маалымат Садыр Жапаровдун Ош облусуна жасаган сапарында белгилүү болду.
Заманбап тери иштетүүчү заводдо булгаары сумка, бут кийим чыгарыла баштайт.
"Мурда тери ар кайсы жактарда ыргытылып жатчу. Эми ал өзүбүздө иштетилип, булгаары сумка, бут кийим чыгарыла баштайт", — деди өлкө башчы.
Айыл чарба министрлиги аталган завод суткасына 24 тоннага чейин тери иштете турганын кабарлаган. Курулуш 1-апрелде башталган болчу.