БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти Камчыбек Ташиев кызматын тапшырды. Ал бүгүн биримдиктин жыйынында өз миссиясын аткарганын айтты.
Ташиев соңку эки жылда кыргыз футболу болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишкендигин, өлкөдө футбол президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен өнүгүп жатканын белгиледи.
"Эки жылда 17 жаңы стадион, футболдук мекеме курулду. Дагы 14 объект курулуп жатат, ага 7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшалды. Дагы 7-8 миллиард сомдук курулуштар жүрүп жатат. Бул акча мамлекет тарабынан бөлүндү. Өнөктөштөр жардам берди. Курама команданы колдоо үчүн футболго жылына 200 миллион сом бөлүнөт", — деди ал.
Ташиев футболдук уюмдардан айлык, сыйлык катары бир сом албаганын айтып, негизги максаты футболду өнүктүрүү болгонун кошумчалады.
УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигин эки жылдан бери башкарып келген.