РФ элчилиги: Панфилов дивизиясынын Улуу Жеңишке кошкон салымы унутулбайт

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Россия Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке Панфилов дивизиясы кошкон салымды эстен чыгарбайт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Сергей Храмов "Совет элине геноцид: унутууга болбой турган чындык" аттуу тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, акыркы учурда Улуу Ата Мекендик согуш чоң окуя болгону менен башка бирөөнүн согушу деген пикирлер кездешет. Чындыгында Кыргызстан үчүн бул бөлөк-бөтөндөрдүн согушу болгон эмес.
"Борбор Азия үчүн да нацисттер геноцидди пландашкан. Адольф Гитлер жылына 3-4 миллион адамды жок кылууга, төрөттү кыскартып, бул берекелүү жерлерге "жогорку раса" өкүлдөрүн — немецтерди жайгаштырууга болот деп айткан. Алардын бул жердеги ресурстарды, табигый байлыктарды ээлеп алуу пландары болгон", — деди Храмов.
Ал кошумчалагандай, геноцид мөөнөтү жок кылмыш экенин белгилөө өтө маанилүү.
"Бул жерге чогулгандардын баары — жеңишке жеткен жана аман калган адамдардын урпактары. Биздин ал жылдардагы окуяларды унутууга же бурмалоого моралдык укугубуз жок. Биз үчүн 9-май — бул Жеңиш, кыргындан аман калуу", — деп белгиледи ал.
Крымдын борборун 865 күндүк оккупациядан кийин бошотушкан. Видео