Ысык 37 градуска жетет. Май айында күтүлгөн аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанда майы айында күн катуу ысып, мурдагы жылдарга салыштырмалуу 1…3 градус жогору болушу күтүлөт. Ал эми жамгыр аз жаайт дешти.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы +19…+21 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө +13…+15 градус жылуу болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6…+11 градустан +16…+21 градуска чейин, күндүз +22…+27 градустан +32…+37 градуска чейин өзгөрүп турат. Айрым учурларда күндүз +16…+21 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн +1…+6 градустан +9…+14 градуска чейин, күндүз +16…+21 градустан +26…+31 градуска чейин чыгат. Кээ бир учурларда күндүз +10…+15 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы +17…+19 градус болот. Күндүзү +2…+7ден +12…+17, күндүзү +21…+26дан +31…+36 градуска чейин жетет. Ал эми кээ бир күндөрү болжол менен 10 градуска төмөндөп, тагыраагы, термометр +15…+20 градусту көрсөтүшү да ыктымал.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы +20…+22, ал эми тоо этектериндеги райондордо +16…+18 градус болот. Түндө +7…+12ден +17…+22 градуска жетсе, күндүз +23…+28ден баштап отуруп, +32…+37ге чыгат, кээ бир убактарда +17…+22 градуска ылдыйлайт. Тоо этектеринде түнкүсүн +3…+8ден +13…+18ге жетет, күндүзү +19…+24төн көтөрүлүп отуруп, +28…+33 градусту чапчыйт. Ал эми кээ бир учурларда күндүз +13…+18 градуска ылдыйлайт.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы +20…+22, ал эми тоо этектериндеги райондордо +16…+18 градус болот. Түндө +7…+12ден +17…+22 градуска чейин болсо, күндүз +19…+24төн тарта +32…+37ге чыгып, кээ бир убактарда кайра +17…+22 градуска түшөт. Тоо этектеринде жана Токтогул районунда +4…+9дан баштап +13…+18ге жетет, күндүз +22…+27ден тарта +31…+36 градусту чапчыйт. Ал эми кээ бир учурларда күндүз +13…+18 градуска ылдыйлайт.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы +20…+22 градусту түзсө, тоо этектериндеги райондо +16…+18 градус болот. Түнү +7…+12ден тарта +17…+22, күндүзү +23…+28ден +32…+37 градуска жетет. Кээ бир күндөрү +17…+22ге ылдыйлайт. Тоо этектеринде түнү +3…+8ден +13…+18, күндүз +19…+24төн +28…+33 градустун ортосунда болуп турат. Кээ бир учурларда +13…+18 градуска түшүп кетет.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы +14…+16 градусту түзөт. Түндө +2…+7ден +10…+15 градуска чейин болот. Ал эми күндүз термометр +14…+19дан +24…+29га чейинки градусту көрсөтөт.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы +14…+16 градус болот дешти. Айдын ичинде абанын температурасы +1…+6дан баштап +9…+14 градус, күндүз +15…+20дан баштап +25…+30га чейин чыгат. Кээ бир күндөрү термометр +9…+14 градусту көрсөтөт.
Сел жүрүп, көчкү түшүшү ыктымал. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты