Министр Кулубаев менен ЖККУнун баш катчысы Масадыков эл аралык кырдаалды талкуулашты

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков менен учурдагы эл аралык кырдаалды талкуулады.
ТИМдин маалымат кызматы баш катчы учурдагы кырдаал жана келип чыккан чакырыктарга жооп кайтаруунун мүмкүн болгон ыкмалары тууралуу маалымат бергенин билдирди.
Анын ичинде быйыл июнь айында Казань шаарында өткөрүү пландалган ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелери, ошондой эле секретариаттын ишмердүүлүгү жана ушул жылга пландалган алдыдагы иш-чаралар тууралуу баяндалды.
Мындан тышкары, тараптар ЖККУнун коркунучтарга каршы туруу жаатында ШКУ, КМШ жана БУУ сыяктуу эл аралык жана аймактык түзүмдөр менен өз ара кызматташуусун мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Россия ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн согуштук потенциалын күчөтмөкчү