Капуста эскпортунун көлөмү 1,7 эсе өстү. Негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылат

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстан январь айында 506,5 тонна капуста эскпорттогон, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,7 эсе көп экени Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Капуста негизинен Россия, Казакстан (ЕАЭБ өлкөлөрү) жана Өзбекстанга сатылган.
Буга чейин айыл чарба министринин мурунку биринчи орун басары Жаныбек Керималиев айыл чарба продукцияларын, анын ичинде жашылча-жемиштерди толугу менен Россияга экспорттой турганын билдирген эле.
Кыргызстан жашылча-жемиш импортунда ЕЭКтен жеңилдикке ээ болду