БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кыргызстанда бөгөттөлгөн TikTok тиркемесин ачууну сунуштады.
Парламенттин жыйынында сүйлөп жатып, эл өкүлү соцтармак колдонуучулары аталган тиркемеге баары бир VPN аркылуу кирип жатканын айткан.
"Ооба, улуттук коопсуздукту эске алып, жаш муундун тарбиясына көңүл буруу керек. Бирок тыюу салуу менен эч нерсеге жетишпейбиз. Бүгүнкү күндө TikTok жөн гана көңүл ачуу платформасы эмес, маалымат таратуу, билим берүү жана бизнести өнүктүрүү үчүн да аянтча болуп калды", — деди ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда TikTok 2024-жылдын апрелинен тарта бөгөттөлгөн. Чечим УКМКнын талабы менен Санариптик өнүгүү министрлиги тарабынан кабыл алынган. Бийлик мындай чара балдарды терс контенттен коргоого багытталганын түшүндүргөн болчу.
Тиркемени блоктон чыгарууну ушул жылдын февралында маданият министринин орун басары Марат Тагаев да сунуштаган.
"Аталган социалдык тармак бөгөттөлгөнүнө карабастан эл VPN аркылуу сервисти пайдаланууда", — деген ал министрликтин коллегиясында.