БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Батышта жаңы аскердик блок түзүү каралып жатат, анда Украина негизги ролду ойномокчу. Бул тууралуу Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров Пекинде өткөргөн маалымат жыйында билдирди.
"Жаңы блок анын негизги катышуучусу боло турган Украина менен чогуу түзүлөт шекилдүү. Зеленский Украина Европаны Россиядан коргой турганын ачык эле айтып жатат", — деди саясатчы.
Министр АКШ президенти Дональд Трамптын Украина боюнча чабарманы Кит Келлог Украина менен чогуу аскердик блоктун түзүлүшүнө катуу жан үрөп жатканын кошумчалады.