БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Батыш мамлекеттери Борбор Азия менен Түштүк Кавказга өз эреже-тартибин таңуулап, ички жана тышкы саясатына таасир этүүгө жан үрөп жатат. Бул тууралуу Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров Кытайга болгон сапарынын жыйынтыгы менен берген маалымат жыйында айтты.
"Борбор Азияда азыр кызык геосаясий күрөш жүрүп жатат. Батыш бул региондогу мамлекеттердин ким менен кандай алакада болушу керектигин айтып-деп турууну көздөөдө. Борбор Азиядагыдай ачык болбосо да Түштүк Кавказда да ушундай кырдаал өкүм сүрүп жатат", — деди Лавров.
Министр токтолгон негизги учурлар:
Ормуз кысыгы бөгөттөлүп, тартыштык жаралган маалда Россия энергетика ресурстары зарыл болгон Кытай баштаган бир катар кызыкдар мамлекеттердин муктаждыгын жабууга жардам бере алат;
АКШ Украинадагы аракетинин жоопкерчилигинен кутулуу үчүн Евробиримдикти милитаризациялоодо. Вашингтон менен Европа мамлекеттеринин мамилеси азыр мурдагыдай эмес;
Россия тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ачык. Аляскадагы макулдашуулар европалык элита тарабынан бөгөттөлүп жатат;
Жакынкы Чыгыш менен Перс булуңундагы окуялар — оңою менен чечилбей турган түйүн;
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү Тегеран чабуулга кабылбаса ал жактагы мамлекеттерде жайгашкан америкалык базаларга сокку урмак эместигин жакшы түшүнөт;
Палестина, Газа жана Иордандын батыш жээги көз жаздымда калбашы керек;
Москва АКШ Жакынкы Чыгышка чабуулун улантпайт деген үмүттө. Жаңжалдан Американын союздаштары да жапа чегип жатат;
Вашингтон менен Тегеран сүйлөшүүлөрдү улантышы керек;
РФ президенти Владимир Путиндин Кытайга сапары ушул жылдын биринчи жарымына белгиленген.