БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бейшембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 13…18, Талас өрөөнүндө 12…17, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 15…20, Ысык-Көл чөлкөмүндө 14…19, Нарын жеринде 16…21 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 16…18, Ош шаарында 18…20 градуска жетери айтылды.