Экинчи дүйнөлүк согушта форма кийип, курал кармап күрөшпөсө да, өтө олуттуу жана ири иштерди жасап, душманды майтарып, фашисттик аскерлердин түн уйкусун бузган күчтөр блогон. Алар жарандардан түзүлгөн каршылык кыймылдары же партизандар эле.
Партизандардын күчү Советтик мамлекеттерде билинген. Батыш өлкөлөрү да каршылык кыймыл түзүүгө далалат кылганы менен алар советтик партизандардай болуп кан күйгөн апааттын бир бурчун көтөрүшкөн эмес. СССРде партизандардан Вермахтын аскерлери II фронт деп атап, аябай коркушкан.
Алар жок жерден чыга калып эшелондорду кыйратып, кампаларды өрттөп, душман өтчү жолдорду талкалашкан. Стратегиялык мааниге ээ объекттери байкап алар тууралуу Кызыл Армияга маалымат жеткирип турушкан. Партизандардын катарында кыз-келиндер, карыялар, ал тургай бешиктен бели чыга элек балдар болгон. Ала Ата Мекен үчүн кашык каны калганча баскынчылар менен күрөшүшкөн.
Мына ушундай кыймылдары эскерүү кийики муундун милдети дейт тарыхчы Саламат Малабаев.