Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков менен учурдагы эл аралык кырдаалды талкуулады. ТИМдин маалымат кызматы баш катчы учурдагы кырдаал жана келип чыккан чакырыктарга жооп кайтаруунун мүмкүн болгон ыкмалары тууралуу маалымат бергенин билдирди. Анын ичинде быйыл июнь айында Казань шаарында өткөрүү пландалган ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселелери, ошондой эле секретариаттын ишмердүүлүгү жана ушул жылга пландалган алдыдагы иш-чаралар тууралуу баяндалды.Мындан тышкары, тараптар ЖККУнун коркунучтарга каршы туруу жаатында ШКУ, КМШ жана БУУ сыяктуу эл аралык жана аймактык түзүмдөр менен өз ара кызматташуусун мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Бишкек шаарынан түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка — ГЭС-5 унаа жолу реконструкциядан кийин ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.Маалыматта жол төрт тилкеге кеңейтилгени айтылат.Андагы узундугу 36,6 метр болгон көпүрө 5,5 метрге кеңейтилип, жөө жүргөндөр үчүн кошумча жаңы көпүрө курулган. Жолдун эки тарабына тротуарлар салынып, оң тарабына суу өткөрүүчү лотоктор орнотулган.Унаа жолдун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Министрлик буга чейин кыйылган дарактардын ордуна мурдагыдан да көп бак отургузуларын билдирген.
Дыйкандарга суу үнөмдөөчү технологияларды, анын ичинде заманбап сугат системаларын алууга багытталган жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.Маалыматта программа суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында ишке ашырылып жатканы айтылат."Жалпы каржылоо көлөмү 500 миллион сомду түзөт. Жылына эки пайыздык чен менен жети жылга чейин берилмекчи. Мунун бир жылы жеңилдетилген мезгил болуп саналат. Акча сугат системаларын сатып алууга жана орнотууга жумшалышы керек", — дешти министрликтен.
Россия Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке Панфилов дивизиясы кошкон салымды эстен чыгарбайт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Сергей Храмов "Совет элине геноцид: унутууга болбой турган чындык" аттуу тегерек столдо билдирди. Анын айтымында, акыркы учурда Улуу Ата Мекендик согуш чоң окуя болгону менен башка бирөөнүн согушу деген пикирлер кездешет. Чындыгында Кыргызстан үчүн бул бөлөк-бөтөндөрдүн согушу болгон эмес. "Борбор Азия үчүн да нацисттер геноцидди пландашкан. Адольф Гитлер жылына 3-4 миллион адамды жок кылууга, төрөттү кыскартып, бул берекелүү жерлерге "жогорку раса" өкүлдөрүн — немецтерди жайгаштырууга болот деп айткан. Алардын бул жердеги ресурстарды, табигый байлыктарды ээлеп алуу пландары болгон", — деди Храмов. Ал кошумчалагандай, геноцид мөөнөтү жок кылмыш экенин белгилөө өтө маанилүү.