Кыргызстанда күндүзгү саат 5. Жаңы саатка алынган жаңылыктар менен таанышып алыңыз. Алгач кыскача... Мамлекеттик кызматкерлер үчүн рейтингдик система киргизилетПенсиялык топтомону эми бир нече жолу колдонууга болотИчки иштер министрлиги Чыңгыз Айдарбековдун иши боюнча жаңы фактыларды ачыктады. Алдыда кененирээк токтолобуз...Ички иштер министрлиги мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин кошумча эпизоддору аныкталганын билдирди. Анын жашаган жери тинтилип, мүлктүк активдерди мыйзамсыз каттоого тиешеси бар экендигин тастыктаган документтер табылып, алынган. "Көп кабаттуу турак жайдын курулушуна үлүштүк катышуу келишимдери боюнча 18 төлөм квитанциясы, эсептешүү актысы жана ага катталган үч үлүштүк келишим алынган. Айдарбеков документтерди жасалмалап, өзүн мыйзамсыз түрдө коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин негиздөөчүсү катары каттаткан. Жогорудагы мыйзамсыз аракеттерди колдонуу менен ал кооперативге таандык батирди жана башка кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган. Натыйжада өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген", — деп айтылат кабарда. Ички иштер министрлиги Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинен вербалдык нота келип түшкөндөн кийин Чыңгыз Айдарбеков фамилиясын өзгөрткөнүн, ага чейин Эгембердиев деген фамилияны алып жүргөнүн белгиледи. Учурда тергөө амалдары уланууда. Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги буга чейин Айдарбековго кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганын билдирген эле.
Кыргызстанда келечектеги мамлекеттик кызматкерлер үчүн рейтингдик система киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин адиси Жыргал Маратбекова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, кенже кызмат орундарына бирдиктүү кадрлар резерви түзүлүп жатат. Бул кызматтарга иш тажрыйбасы жок талапкерлер да катыша алат, резервге биринчи кезекте жогорку окуу жайларын жаңы бүтүргөндөр киргизилет. Талапкерлерди тестирлөө этабы аяктады, учурда алар маектешүүдөн өтүп жатышат. Андан кийин кадрлар резерви түзүлөт. "Талапкерлер үчүн рейтингдик система болот. Мамлекеттик орган адистерди сураганда биз эң жогорку балл алган үч талапкерди жөнөтөбүз. Мамлекеттик орган бирин тандайт", — деп түшүндүрдү Маратбекова. Талапкерлер ээ болгон адистигине жараша жөнөтүлөт.
Кыргызстанда пенсиянын топтомо бөлүгүн колдонуу эрежелери жеңилдетилди. Бул тууралуу Социалдык фонд маалымдады.Жарандар пенсиялык топтомо каражаттарын ипотекага жана оор ооруларды дарылоого бир нече жолу пайдалана алышат. Ошондой эле үлүштүк курулушка бул каражаттарды жубайлар расмий никеде турган учурда биргелешип колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.Негизги шарттардын бири — сумма 50 миң сомдон жогору болушу керек. Мындан тышкары, документтерди чогултуу процесси да жеңилдетилип, айрым керектүү маалымкаттар «Түндүк» системасы аркылуу автоматтык түрдө алынат
Кыргыз спортчулары Кытайда өтө турган VI Азия пляж оюндарына катышуу үчүн жолго чыгышты. Спортчуларды узатуу аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлду, бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, оюндар 22–30-апрель күндөрү Кытайдын Санья шаарында өтөт. Мелдешке 45 өлкөдөн келген спортчулар катышып, 14 спорт түрү боюнча күч сынашат. Ал эми Кыргызстандан 40 спортчу өлкө намысын коргойт. Белгилей кетсек, Азия пляж оюндары ар түрдүү спорт түрлөрүн камтыган эл аралык деңгээлдеги маанилүү мелдештердин бири