Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?

Sputnik
Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн алкагында Кыргызстандагы демографиялык абал жана репродуктивдик саламаттык маселеси кайрадан көңүл чордонунда. Өлкөдө калк саны өсүп, төрөт көрсөткүчү жогору бойдон калганы менен, энелердин өлүмүнүн көбөйүшү жана аймактардагы медициналык кызматтын теңсиздиги тынчсызданууну жаратууда. Адистердин айтымында, демографиялык өсүштү сапаттуу саламаттык менен камсыз кылуу — бүгүнкү күндүн негизги чакырыгы. Аялдардын аялдардын репродуктивдик ден соолугу тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери, акушер-гинеколог Бактыкан Алымкулова, БУУнун Калк фондусунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бактыбек Кайназаров абал тууралуу айтты.