Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот. Курулуш министрлиги санариптештирүу иш-чараларынын алкагында курулуш лицензиясын алуу процессин толугу менен электрондук форматка өткөрдү. Мындан ары лицензияны онлайн тартипте ыкчам, ыңгайлуу жана бир нече баскыч менен алууга болот. Лицензия алуу шарттары тууралуу, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгынын башкы адиси Маматзия Жолдошов айтып берет.