Бишкекте 14-16-апрелде Kyrgyz Build XXIII Эл аралык адистештирилген курулуш индустриясынын көргөзмөсү өтөт. Иш-чара курулуш тармагындагы өндүрүүчүлөрдү, жеткирүүчүлөрдү, девелоперлерди, архитекторлорду жана инженерлерди бир аянтчага бириктирип, ишкердик байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аталган көргөзмө тууралуу «Спутниктен сүйлөйбүз» программасында «BiExpo» көргөзмө компаниясынын проект менеджери Айзирек Бапаева менен баарлаштык.