«Ала-Тоо резортто» аукциондун экинчи этабы башталды — жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, этно шаарча, ресторандар курулат

Sputnik
«Ала-Тоо Резорт» ири курорттук комплекстин алгачкы этабында курула турган объектилердин жер участоктору боюнча аукциондун экинчи этабын жарыялады. «Жыргалаң» курортунун шаарчасы жайгаша турган аймактагы курортту өнүктүрүү үчүн зарыл болгон туристтик жана инфраструктуралык объекттерди камтыган 36 лот коюлду. Бул жерге 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, этно шаарча, ресторандар, кафелер жана башка коммерциялык объектилер курулат. Аукциондун жүрүшү, тоо-лыжа кластеринин курулушу тууралуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик мекемесинин директору Жаркынбек Максутов айтып берди.