БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынан түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка — ГЭС-5 унаа жолу реконструкциядан кийин ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматта жол төрт тилкеге кеңейтилгени айтылат.
Андагы узундугу 36,6 метр болгон көпүрө 5,5 метрге кеңейтилип, жөө жүргөндөр үчүн кошумча жаңы көпүрө курулган. Жолдун эки тарабына тротуарлар салынып, оң тарабына суу өткөрүүчү лотоктор орнотулган.
Унаа жолдун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Министрлик буга чейин кыйылган дарактардын ордуна мурдагыдан да көп бак отургузуларын билдирген.