Кыргызстандык 20 медик Россияда трансплантация боюнча тажрыйба топтоп келди

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандын медицина тармагында эмгектенген 20 кызматкер Россиядан органдарды алмаштыруу боюнча стажировкадан өттү. Бул тууралуу минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Россиянын башкы трансплантологу, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Готьенин жолугушуусунда айтылганын өкмөттөн маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, анда тараптар бул программа боюнча адистердин санын көбөйтүүнү талкуулашты.
Кызматташтык Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору менен Россиянын Трансплантология жана жасалма органдар боюнча улуттук медициналык борборунун ортосунда натыйжалуу уланып жатканы айтылды.
Органдарды трансплантациялоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы эксперттердин бири Сергей Готье сапарынын алкагында Улуттук хирургиялык борборго барып, анын жетекчилигинде боорду трансплантациялоо операциясы ийгиликтүү жасалды. Жыйынтыгында тараптар трансплантология чөйрөсүндөгү кызматташтыкты тереңдетип, адистерди даярдоону кеңейтүүнү макулдашкан.
Кыргызстанга россиялык ыктыярчы дарыгерлер келди. Видео