БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө нарколаборатория уюштуруп, тыюу салынган заттарды сатуу менен шугулданып келген кылмыштуу топтун иши бөгөттөлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Операция облустук милиция менен биргеликте жүргүзүлгөн.
"Тергөөнүн жүрүшүндө баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды сатууга тиешеси бар кылмыштуу топ аныкталып, аны көздөп-тескегендер кармалды. Тинтүү учурунда баңгизат лабораториясы табылып, анда баңгизат жасалганы ачыкталды. Республика аймагында сатыла турган 10 килограмм тыюу салынган зат алынды", — деп айтылат маалыматта.
УКМК учурда аталган топко тиешеси бар адамдарды тактап, тергөөнү улантып жатканын кабарлады.