БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Европа мамлекеттери Украинага аскердик техника менен ок-дарыны азайтып, аны өздөрү чыгарган камикадзе-дрондор менен алмаштырууда. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Агенттиктин жазганына караганда, Киев бийлиги бул дрондорду жарандык инфраструктурага чабуул жасоо үчүн колдонуп жатат.
РИА Новостиге маалымат берген күч түзүмдөрүнүн өкүлү атайын операциянын аймактарында каршы тарап Европадан чыккан дрондорду улам көбүрөөк колдонуп жатканын билдирди.
"Жоокерлер кулап талкаланган дрондордун сыныктарын көп көргөнүн айтышууда. Бул Улуу Британия, Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр Украина армиясын өздөрү чыгарган дрондор менен камсыздоого басым жасап жатканын түшүнүүгө мүмкүндүк берет", — деди ал.
Агенттиктин маектеши буга чейин аскердик жардамдын негизги бөлүгүн снаряддар, ракеталар жана техникалар түзсө, эми Европа мамлекеттери өздөрүнүн өзгөчө учак тибиндеги камикадзе-дрондорун чыгарып, жөнөтүп жатышканын кошумчалады.
Маалымат булагынын айтымында, дрон сыныктарынан алардын жогорудагы мамлекеттерде жасалганынын далилин бир нече жолу табышкан.