Трамптын кылык-жоругунан АКШ көп зыян тартууда

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Трамптын кылык-жоругунан баарынан көп АКШ зыян тартып, бедели түшүп жатат. Бул туурасында аскердик жана саясий баяндамачы Михаил Онуфриенко айтты.
Ирандын негизги порттору
"Мунайга муктаж болуп, Иранга акчасын төлөп жаткан европалыктардын кысыкты жабуу тууралуу коркутууларга кандай реакция кыларын элестетип жатам. Бул жөн гана каракчылык эмес, бул өзүнүн союздаштарына, анын ичинде НАТО боюнча өнөктөштөрүнө каршы согуш", — деди эксперт.
Ал АКШда так, ырааттуу саясат жана алдыны көрө билүүчүлүк таптакыр жок экенин белгиледи. Мунайды жеткирүүлөр жана танкерлер бөгөттөлсө эң чоң сокку Иранга эмес, нефтиге көз каранды бардык өлкөлөргө, тагыраагы, дээрлик бүткүл дүйнөгө урулат. Онуфриенко Ак үйдүн кожоюну пайда табуунун ордуна бүт дүйнөнү өзүнө душман кылып жатканын айтты.
"Анын кесепетин Трамп өзү көрөт. Президенттин кылганы бир катар демократтардын эсинде калды, эми ал нерселер күздө өтө турган ортодогу шайлоодо Трампка каршы колдонулат", — деп эсептейт Онуфриенко.