БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Аскер прокуратурасы УКМК төрагасынын мурунку орун басары Тимур Шабданбековду кармаганын редакцияга өздүк булактар кабарлады.
Ал кызматынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып жатканы маалым болду. Кечээ Red Petroleum компаниясынын башчысы Акылбек Маматов менен УКМКнын бир нече кызматкери кармалган.