Россия салып жаткан мектептин курулушу кайсы этапта? Видео

Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө Россиянын колдоосу менен салынып жаткан мектептин курулушу 2027-жылы аяктайт.
Sputnik
Бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов курулуш иштерин көрдү.
Мектептин жалпы аянты 27 миң чарчы метр, 1 224 балага ылайыкталган.
Белгилей кетсек, билим берүү долбоорунун алкагында Россия Кыргызстанга тогуз мектеп куруп бермей болгон. Биринчи этапта Бишкек, Баткен, Каракол шаарларына салынып жатат. Экинчи этапта Ош, Манас, Талас, Нарын облустары жана Новопавловка айылына курулуп, билим уялары 2029-жылы колдонууга берилери айтылды.
Кийинки жылы Кыргызстанда 36 мектеп курулат