БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өзгөндө алимент төлөөдөн качкан ата бир жылга соттолду. Бул тууралуу райондук сот аткаруучулар бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, П.М. кирешесинин үчтөн бир бөлүгүн Т.П. аттуу жаранга берип турушу керек болчу. Бирок ал бир нече ирет эскертүү берилгенине карабастан милдетин аткарган эмес. Натыйжада карыздын суммасы 279 180 сомго жеткен.
"Карызкордун алимент төлөөдөн кыянаттык менен баш тартканына байланыштуу материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесине ылайык сотко өткөрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
П.М. сотто күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркиндигинен ажыратылды.