Нарында жанын кыйган окуучунун мугалимдери жазаланышты

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы М. Байдөөлөтов атындагы мектептин мугалимдери 7-класстын окуучусунун өлүмү боюнча жазаланышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя боюнча Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү тарабынан текшерүү иштери жүргүзгөн. Жыйынтыгында мектептин директоруна катуу сөгүш берилген. Ал эми окуучунун класс жетекчисине жана социалдык педагогго катуу тартиптик чара көрүү сунушталган.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган мектептин 14 жаштагы окуучусу Э.А. класста жоголгон 110 сомдон улам асынып алганы белгилүү болгон. Ал эми мектептин тарбия завучуна"Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бишкекте 6-кабаттын терезесинен кулаган келиндин күйөөсү эки айга камалды