БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстанда "Өч-2" тасмасы прокаттан алынды. Мындай чечимди Кинематография департаменти чыгарган.
Мекеме аталган көркөм тасманы атайын комиссия талдап, анда зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөр көп экенин белгилеген.
"Тасмада позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу, зомбулукту айыптоо же тарбиялык маанини берүүчү элементтер жетишсиз. Комиссиянын корутундусуна ылайык, аталган тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, айрыкча жаштар аудиториясына терс психологиялык жана моралдык таасир тийгизүү коркунучу бар", — деп жазылган маалыматта.
Буга байланыштуу "Кыргыз тасмасы" мекемесинин директору Алмаз Тулекеев иштен алынганы кошумчаланды.