Иранга каршы согуш Кыргызстанга кандай таасир этет? Эксперттик пикир

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандык талдоочу Жакынкы Чыгыштагы абалга баа берди.
Эскерте кетсек, Wall Street Journal Трамп Иранга кайрадан сокку урууну караштырып жатканын жазган.
"АКШнын президенти жана анын кеңешчилери Ормуз кысыгын бөгөттөп, буга кошумча, чабуулун жандантууну көздөп жатышат. Анткени сүйлөшүүдөн майнап чыкпай туңгуюкка кептелип калды", — деп айтылат басылманын маалыматында.
Журнал бул америкалык лидердин Пакистандагы жолугушуудан бир нече саат өткөндөн кийин караган варианттарынын бири экенин белгиледи.
Кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты Эсен Усубалиев кырдаалга баа берип жатып, Жакынкы Чыгыштагы абал акырындап жаңы фазага өтүп жатканын билдирди.
"Иранды биротоло ментинен тайдыруу аракети башталгандай. Дональд Трамптын Ормуз кысыгын жабууга байланышкан жаңы чаралары Тегеранды чөгөлөтүүгө багытталган. Вашингтон муну менен энергетикалык ресурстан көз каранды болгон дүйнөлүк коомчулукту Иранга каршы жүргүзгөн саясатына ыктатууга басым жасап жатат. Блокада абадан жана жерден жасалган соккулар менен коштолушу толук мүмкүн", — деди Усубалиев.
Эксперттин айтымында, мындай шартта Ирандын жашап кетиши үчүн зарыл болгон Евразиядагы транспорттук коридорлордун мааниси жогорулайт.
"Энергоресурска келсек, Иран эгемендигин коргоо үчүн баарына даяр экенин көрсөттү. Эгер АКШ Ормуз кысыгын жаап, иран нефтисин биротоло бөгөттөө менен операцияга башка мамлекеттерди катыштырууга мажбурласа, Иран кескин кадамдарга барат, башкача айтканда, кысыктан эч нерсе (газ, жер семирткич ж.б.) өткөрбөй коет. Бирок мындай деңгээлдеги чыңалууну дүйнөлүк экономика көтөрө албайт. Азыр Трамп союздаштарын "эптеп өзүн токтоттуруп" калууга чакырып жаткандай. Жакшы нерседен үмүт кылып, жакын арада согуш токтойт деп ишенип туралы. Деген менен Израиль кайрадан элдешүүнүн шартын бузушу ыктымал", — деди Усубалиев.
Эксперт эгер Перс булуңундагы жаңжал аяктаган соң АКШ Израилге болгон мамилесин кайра карап чыкпаса, Жакынкы Чыгыш көп узабай кайрадан канды булоондо каларын, тирешүүнүн кесепети азыркыдан кыйла оор болорун эскертти.
"Азыркы согуш баарына, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттерине да таасир этти. Мунайдын баасы көтөрүлгөнүн эске алганда Кыргызстан азырынча анын кээрин көп сезе элек, бирок улана берсе экономикалык, энергетикалык, саясий жана экологиялык жактан жабыр тартышы мүмкүн. Иран ШКУнун мүчөсү экенин унутпашыбыз керек, ЕАЭБ менен Эркин соода аймагы тууралуу макулдашуусу бар, жалпы жонунан Кыргызстандын бир катар эл аралык уюмдардагы өнөктөшү", — деди окумуштуу.
Усубалиевдин айтымында, азыркыдай кырдаалда Кыргызстан кайдыгер боло албайт. Эксперт Иранга жөнөтүлгөн гуманитардык жардам өз ара сыйдын деңгээлин жана иран элине тилектештигинин азганактайын гана билдирерин кошумчалады.
Иран беш араб мамлекетинен кенемте талап кылды