БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Иран аймакташы Бахрейнден, Бирикен Араб Эмирликтеринен, Катардан, Сауд Арабиясы жана Иорданиядан америкалык-израилдик операциядагы ролу үчүн кенемте талап кылды. Бул туурасында Ирандын БУУдагы расмий өкүлү Амир Саид Ираванинин катында айтылганын РИА Новости жазды.
Документ БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинин төрагасына (бул айда Бахрейндин кезеги) жолдонгон.
Иравани аталган мамлекеттер Иранга каршы агрессияга аймагын эле белендеп бербестен, кээ бир учурда Тегерандын "жарандык объектилерине багытталган мыйзамсыз куралдуу кол салууларга" түз катышкан деп түшүндүрдү.
"Бул өлкөлөрдүн өзүнүн аймагын кол салгандарга Иранга каршы колдонууга бергени да агрессиянын актысы катары каралат", — деп айтылат катта.
Перс булуңундагы мамлекеттер жана Иордания америкалык-израилдик операцияга катышканын танып жатышат.