БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 16-апрелде Бишкектин түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү бир катар райондордо ичүүчү суу өчүрүлөт.
Суу өчүрүлө турган аймактын картасы
© Фото / Пресс-служба мэрии Бишкека
Калаа мэриясы ККСК суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери жүргүзүлөрүн кабарлады. Чектөө саат 09:00дөн 22:00гө чейин киргизилет.
Таза суу өчүрүлө турган аймактар:
Лермонтов көчөсү — темир жол линиясы — Аламүдүн суусу — Чүй проспекти — Аламүдүн суусунан Жибек Жолу проспектине чейин;
Жибек-Жолу проспекти — Никитин туюк көчөсү;
Абдрахманов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин;
Абдрахманов көчөсү Тери заводуна чейин;
Аламүдүн суусу менен түштүккө карай Чоң Чүй каналына, андан чыгышка карай Бакай-Ата жаңы конушуна чейин;
Лебединовка айылынын Калинин көчөсү;
Лермонтов көчөсү аркылуу ЧЧКга чейин.