Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгына баа берди

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын Кыргызстанда өтүшү кыргыз спорту үчүн маанилүү окуя экенин билдирди.
“Кыргызстан курама командасы дагы татыктуу жыйынтыктарды көрсөттү. Анын ичинде грек-рим күрөшү боюнча командалык эсепте 2-орунду ээлеп, тарых жараткан жеңиш болгонун өзгөчө белгилеп, команданы чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ошону менен бирге Мээрим Жуманазарованы Азиянын эки жолку чемпиону болушу менен куттуктайм”, – деди Тыныбекова.
Анын айтымында, кыз-келиндер күрөшү боюнча натыйжа – орточо, мындан дагы чоң жыйынтыктар күтүлгөн. Бүгүнкү күндө күрөш боюнча курама командага жогорку деңгээлдеги шарттар түзүлүп берилген. Бирок ар бир спортчу дисциплинаны сактап, өзүнүн үстүнөн талыкпай эмгектенүүсү керек.
Тыныбекова өлкөдө спортту өнүктүрүүгө, заманбап спорттук инфраструктуранын курулушуна, спортчулардын машыгуу шарттарын жакшыртуу боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Азия чемпионатында Мээрим алтын, Айпери күмүш медаль тагынды