Жапаров кишинин аты айыл-кыштактарга берилбестигин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Адамдын аты айыл-кыштактарга коюлбайт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Алай сапарында айтты.
Эскерте кетсек, өлкө башчысы Ош облусун кыдырып жүрөт.
Алай эли менен жолугушуу учурунда ага дал ушул маселе боюнча кайрылышкан. Тилектеш айыл өкмөтүнүн жашоочусу ошол жерди Алымбек датканын ысымына өзгөртүүгө колдоо сураган.

"Айылдарга адам ысымын ыйгарбайлы деген чечим кабыл алганбыз. Эки жаат, үч жаат болуп чабыша берет экенсиңер. Мындайды миң жолу көргөнбүз. Алымбек датканын аты тарыхта калган, аты өчпөйт. Ысымы айылга берилсе эле ал жер башкача болуп калбайт. Капа болбоңуздар", — деген мамлекет башчы.

Ошондой эле ал Алымбек датканын медресеси калыбына келтирилип жатканын эске салган.
Бишкектеги эки-үч аталыш берилген 18 көчөнү жалпылап атоо пландалууда. Тизме