БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Эртең түштөн кийин жана 17-апрелге чейин жер-жерлердеги нөшөрдөн улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Мындан тышкары, дарыялардын нугунан чыгып кетүү кооптуулугу бар экенин айтышты.
Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) жана Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) көчкү түшүшү ыктымал. Андан сырткары, күрткү жаралып, жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.
Коопсуздук үчүн жолдо бара жаткан автоунааларга 500 метр аралыкты сактап жүрүү сунушталат.