БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 15-апрель, шаршембиде, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Талас аймагында +19...+24, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын жергесинде +16...+21 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +25...+27 градуска чейин көтөрүлүп, кечке маал жамгыр жаашы ыктымал. Ош шаарында күн ачык болуп +24...+26 градус ысык болот.