Массаж жана гимнастика баланын калыптанышына кандайча жардам берет

Sputnik
Баланын туура өсүп-өнүгүүсү ар бир ата-эне үчүн эң маанилүү маселелердин бири. Айрыкча жаш куракта кыймыл активдүүлүгү, булчуңдардын өнүгүшү жана нерв системасынын калыптанышы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Адистердин айтымында, массаж жана гимнастика баланын физикалык гана эмес, психикалык өнүгүүсүнө да чоң таасир берет. Анда бул ыкмалар канчалык деңгээлде пайдалуу жана аларды качан, кантип туура колдонуу керек — бүгүн “Көз мончок” уктуруусунда кененирээк кеп кылдык.