Сел жүрүп, көчкү түшүшү ыктымал. ӨКМ шашылыш билдирүү тараттыӨзгөндө балдарына алимент төлөөдөн качкан ата бир жылга соттолдуБШК Сариевди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттадыБорбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Улан Сариевди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Ал Бишкектеги №19 Сокулук шайлоо округунан шайланып, кийин мандатын тапшырган Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна келмекчи. Эске салсак, аталган округда 5 316 добуш менен экинчи болгон 34 жаштагы Эгембердиев 8-апрелде өз арызынын негизинде мандатынан ажыратылган. Учурда тергөө абагында жаткан, 4 767 добуш менен үчүнчү сапта турган Рамис Жунусалиев 10-апрелде талапкерлигин жокко чыгаруу боюнча арыз жазып, БШК аны канааттандырган. Аны декабрда УКМК алдамчылыкка шектүү деп кармаган. Мындан улам мандат 4 746 добуш менен кийинки катардагы Улан Сариевге ыйгарылды. Ал 2021- 2023-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон. 2023-жылы Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Бирок добуш сатып алууга шектелип, БШК анын каттоосун жокко чыгарган.
Өзгөндө алимент төлөөдөн качкан ата бир жылга соттолду. Бул тууралуу райондук сот аткаруучулар бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, П.М. кирешесинин үчтөн бир бөлүгүн Т.П. аттуу жаранга берип турушу керек болчу. Бирок ал бир нече ирет эскертүү берилгенине карабастан милдетин аткарган эмес. Натыйжада карыздын суммасы 279 180 сомго жеткен. "Карызкордун алимент төлөөдөн кыянаттык менен баш тартканына байланыштуу материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесине ылайык сотко өткөрүлгөн", — деп айтылат маалыматта. П.М. сотто күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Эртең түштөн кийин жана 17-апрелге чейин жер-жерлердеги нөшөрдөн улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. Мындан тышкары, дарыялардын нугунан чыгып кетүү кооптуулугу бар экенин айтышты. Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу) жана Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) көчкү түшүшү ыктымал. Андан сырткары, күрткү жаралып, жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Коопсуздук үчүн жолдо бара жаткан автоунааларга 500 метр аралыкты сактап жүрүү сунушталат.
Словения НАТОдон чыгуу боюнча референдум өткөрүү ниетинде болуп жатканын өлкөнүн Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Зоран Стеванович айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Башкалардын аскердик жана дипломатиялык чыр-чатактарга кийлигишкенине кескин каршыбыз, мындан Словения пайда таппайт. Ошол эле учурда биз НАТОдон чыгуу боюнча референдум өткөрөбүз деп элге убада бергенбиз. Эми жалпы элдик добуш берүү болот", — деп парламенттин спикери Словениянын телерадиосуна билдирген. Стеванович Любляна көз карандысыз саясат жүргүзүп, бардык өлкөлөр, биринчи кезекте улуу державалар менен кызматташуусу керектигин, бирок бул кызматташтык баш ийүү дегенди билдирбеши зарыл деген пикирин айткан.