Өлкөдө продукциянын сапатын жана коопсуздугун камсыздоодо стандартташтыруу жана метрология тармагында бир катар олуттуу маселелер курч бойдон калууда. Айрыкча эталондук базаны жаңылоо, тармактагы кадрдык таңкыстыкты жоюу жана ЕАЭБ талаптарына ылайык техникалык регламенттерге шайкеш стандарттарды киргизүү зарылчылыгы күч алууда. Адистердин айтымында, улуттук стандарттарды өнүктүрүү жана заманбап өлчөө системасын түзүү — ички рыноктун сапатын көтөрүү менен катар, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн негизги шарты болуп саналат.
Кененирээк Экономика жана коммерция министрлинин Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун директордун орун басары Абдыманап Карымшаков айтып берди.