Ысык-Көлдө баңгизат лабораториясы аныкталып, уюштуруучулары кармалдыИран беш араб мамлекетинен кенемте талап кылдыЖапаров кишинин аты айыл-кыштактарга берилбестигин айттыАлдыда кененирээкАдамдын аты айыл-кыштактарга коюлбайт. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Алай сапарында айтты. Эскерте кетсек, өлкө башчысы Ош облусун кыдырып жүрөт. Алай эли менен жолугушуу учурунда ага дал ушул маселе боюнча кайрылышкан. Тилектеш айыл өкмөтүнүн жашоочусу ошол жерди Алымбек датканын ысымына өзгөртүүгө колдоо сураган. "Айылдарга адам ысымын ыйгарбайлы деген чечим кабыл алганбыз. Эки жаат, үч жаат болуп чабыша берет экенсиңер. Мындайды миң жолу көргөнбүз. Алымбек датканын аты тарыхта калган, аты өчпөйт. Ысымы айылга берилсе эле ал жер башкача болуп калбайт. Капа болбоңуздар", — деген мамлекет башчы. Ошондой эле ал Алымбек датканын медресеси калыбына келтирилип жатканын эске салган.
Баш калаада 110дон ашык компания катышкан KyrgyzBuild 2026 эл аралык көргөзмөсү ачылып, анда сүйлөгөн Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов россиялык бизнес Кыргызстанды ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп жаткан ишенимдүү өнөктөш катары караарын айтты.Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана эл аралык делегациялардын өкүлдөрү, анын ичинде курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов, экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов катышты. Дипломат өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын жана буга чейин эле байкаларлык натыйжа берип жатканына токтолду.
Ысык-Көлдө нарколаборатория уюштуруп, тыюу салынган заттарды сатуу менен шугулданып келген кылмыштуу топтун иши бөгөттөлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди. Операция облустук милиция менен биргеликте жүргүзүлгөн. "Тергөөнүн жүрүшүндө баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды сатууга тиешеси бар кылмыштуу топ аныкталып, аны көздөп-тескегендер кармалды. Тинтүү учурунда баңгизат лабораториясы табылып, анда баңгизат жасалганы ачыкталды. Республика аймагында сатыла турган 10 килограмм тыюу салынган зат алынды", — деп айтылат маалыматта. УКМК учурда аталган топко тиешеси бар адамдарды тактап, тергөөнү улантып жатканын кабарлады.
Иран аймакташы Бахрейнден, Бирикен Араб Эмирликтеринен, Катардан, Сауд Арабиясы жана Иорданиядан америкалык-израилдик операциядагы ролу үчүн кенемте талап кылды. Бул туурасында Ирандын БУУдагы расмий өкүлү Амир Саид Ираванинин катында айтылганын РИА Новости жазды. Документ БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинин төрагасына (бул айда Бахрейндин кезеги) жолдонгон. Иравани аталган мамлекеттер Иранга каршы агрессияга аймагын эле белендеп бербестен, кээ бир учурда Тегерандын "жарандык объектилерине багытталган мыйзамсыз куралдуу кол салууларга" түз катышкан деп түшүндүрдү. "Бул өлкөлөрдүн өзүнүн аймагын кол салгандарга Иранга каршы колдонууга бергени да агрессиянын актысы катары каралат", — деп айтылат катта. Перс булуңундагы мамлекеттер жана Иордания америкалык-израилдик операцияга катышканын танып жатышат.