22–40 жаштагы альтернативдик кызмат өткөн жарандар кайсы учурда акча төлөп, мобилизациялык талапты аткарат?

Sputnik
Өлкөдө аскердик жана альтернативдик кызмат боюнча мыйзамдагы өзгөртүүлөр соңку убакта коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Айрыкча 22–40 жаштагы, мурда альтернативдик кызмат өтөгөн жарандарга байланыштуу жаңы талаптар көп суроолорду пайда кылууда.
Айрым маалыматтарга ылайык, бул категориядагы жарандар 30 күндүк аскердик жыйындардан өтүп, кошумча төлөм төлөшү мүмкүн. Бул демилгенин максаты жана анын укуктук негиздүүлүгү коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратууда.
“Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында Коргоо министрлигинин өкүлү, подполковник Мырзабек Алымбаев аталган маселелерге токтолду.