УКМКнын мурдагы төрага орун басары Даниэль Рысалиев кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Даниэль Рысалиев кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү маалымат булактар кабарлады.
Кечээ ал суракка чакырылып, андан кийин кармалган. Аны менен кошо УКМКнын башкармалыктарынын биринин мурдагы башчысы Урмат Нарбаев да убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экөө тең коррупцияга шектелүүдө.
Белгилей кетсек, Рысалиев атайын кызматты Камчыбек Ташиев жетектеп турган кезде анын орун басары болгон.
УКМКнын үч кызматкери ишкерлерди опузалоого шектелип кармалды