БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын өз партиясы үчүн оор деп атады. Бул тууралуу Риа Новости жазды.
"Шайлоонун жыйынтыктары акыркы эмес болсо да, түшүнүктүү", — деди ал тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып.
Добуштардын 95,63 пайызы саналгандан кийин оппозициядагы "Тиса" партиясы 199 мандаттын 137син ээледи. Ал эми Орбандын жетекчилигиндеги башкаруучу альянс "Фидес" — "Христиан-демократиялык элдик партиясы" 55 орунга ээ болду, дагы жети мандат ашынган оңчул "Биздин Мекен" партиясына тийди.
Премьер-министр "Тисаны" жеңиши менен куттуктап, "Фидес" оппозицияда болсо да өлкөгө кызмат кыла берерин билдирди.
Венгрияда кечээ парламенттик шайлоо өтүп, 199 парламент депутаты шайланды. Бишкек убактысы боюнча саат 22:30га карата шайлоочулардын катышуусу рекорддук 77,8 пайызга жетип, 2022-жылдагы көрсөткүчтөн ашты. Жалпы 5,8 миллиондон ашуун адам добуш берди. Мурдагы шайлоодо бул убакытка карата катышуу 67,8 пайыз болгон.
Шайлоо Украина жана Европа биримдиги тарабынан азыркы өкмөттүн бийликте калышына жол бербөө аракеттеринин фонунда өткөнү айтылууда.
Башкы атаандаш катары Петер Мадьяр жетектеген "Тиса" партиясы каралган. Бул партия Европа биримдиги жана НАТО менен тыгыз кызматташууну көздөйт. Учурдагы бийлик бул партияны Украинаны каржылоону жана анын Европа биримдигине тезирээк киришин колдойт деп эсептейт.