БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кадастр маалыматтарынын негизинде мүлк салыгы эсептелгенден кийин салык төлөөчүлөрдүн саны 20 эседен ашканы анык болду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын карыздарды өндүрүү жана жергиликтүү салыктарды көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Туратбек Күлчороев билдирди.
Анын маалыматына ылайык, 2024-жылы турак жайлар үчүн салык төлөөчүлөрдүн саны 73 миңди түзгөн. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин базасы менен интеграцияланып, автоэсептөө киргизилгенден кийин салык салынуучу турак жайлардын саны 1 млн 475 миңге чейин көбөйгөн.
Салык кызматы быйыл 1-марттан тартып кыймылсыз мүлк салыгын тескөөдө санариптештирүүнүн экинчи фазасын ишке киргизди. Мекеме кыймылсыз мүлктөрдүн реестрине кирүү мүмкүнчүлүгүн алып, эми салыктар Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий маалыматтарынын негизинде автоматтык түрдө эсептелет.
"Мамлекет расмий маалыматтардын негизинде так эсептөө милдетин өзүнө алат. Жарандар кагаз иштеринен бошотулуп, убактысын үнөмдөшөт", — дешти Салык кызматынан.
Ошол эле учурда турак эмес мүлккө салыктарды автоэсептөөдө маалыматтардын айырмачылыктары кездешкен учурлар бар. Күлчороевдин айтымында, бул кадастр системасындагы маалыматтардын актуалдуу эместигине байланыштуу, анын ичинде объектилердин аянтынын өзгөрүшү, мүлктүн багыты (дайындалышы) жана башка параметрлер бар.
Маселени чечүү үчүн Мамлекеттик салык кызматы, "Кадастр" жана "Салык сервис" мамлекеттик мекемелери маалыматтарды салыштырып, жаңыртуу боюнча биргелешип иш жүргүзүшүүдө. Жарандарга ыңгайлуу болсун деп онлайн-режимде дал келбестиктерди ыкчам жоюучу биргелешкен жумушчу топ түзүлгөн.
Кайрылуу үчүн 0221 000 116 (WhatsApp) телефону жеткиликтүү. Мүлк ээлеринин келиши айрым учурларда гана талап кылынат. Ошондой эле Салык кызматынан белгилешкендей, талаштуу объектилер боюнча туумду эсептөө 2026-жылга чейин токтотулган.
Мурда кандай эле?
Мүлк ээлери эсептөөнү өз алдынча жүргүзүүгө милдеттүү болчу. Иш жүзүндө аймактык салык органдарында кызматкерлер эсептөөгө жардам берип, керектүү документтерди толтурушуп, андан соң салык төлөөчүнү төлөм жүргүзүү үчүн кассага жөнөтүшчү. Турак эмес мүлк үчүн салык квартал сайын, ал эми турак жай үчүн жылына бир жолу төлөнчү.
Эсептөө үчүн мүлк ээлери өздөрү менен кошо мамлекеттик актыларды же техникалык паспортторду алып келишчү.