Кыргызстан кол чатыр экспортун үч эсе көбөйтүп, ЕАЭБге сатууда

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстан жыл башында кол чатыр экспортун кыйла көбөйттү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, январь айында чет өлкөгө 9,3 миңден ашык кол чатыр жөнөтүлгөн, ал эми 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч болжол менен 2,9 миңди түзгөн.
Ошентип экспорттун көлөмү үч эседен ашык өстү.
Экспорттолгон товардын бардыгын Россия (ЕАЭБ өлкөсү) сатып алган.
Кыргызстан жашылча-жемиш импортунда ЕЭКтен жеңилдикке ээ болду