Маалымат борбор

Курулуш тармагында кандай жаңы технологиялар пайда болорун айтып беришти

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандын курулуш тармагында кандай жаңы технологиялар пайда болушу мүмкүн экенин BiExpo ЖЧКсынын директору Виктор Линовицкий айтып берди.

Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборуна келди.
14-апрелде Бишкекте Kyrgyz Build эл аралык көргөзмөсү ишин баштайт. Линовицкий анда эмнелер көрсөтүлөрүн да айтып өттү.

"Кыргызстанда курулуш тармагында чоң өсүш болуп жаткандыктан бетон үчүн жаңы кошулмалар сунушталат. Алар курулуштун бекемдигин, сапатын арттырат. Ошондой эле кыргызстандык ишканаларга энергияны үнөмдөөчү терезелер жана айнектер сунушталат. Алар кышында жылуулукту сактап, жайында имараттарды желдеткичсиз эле салкын кармоого жардам берет", — деди ал.

Мындан тышкары, көргөзмөдө өрт коопсуздугуна байланыштуу заманбап табылгалар да көрсөтүлөт.
Бишкекте 126 компания катышкан курулуш боюнча ири көргөзмө өтөт