КР хоккей командасы дүйнөлүк чемпионатта 2-дивизиондогу ордун сактап калды

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен IIB дивизионундагы ордун сактап калды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Улуттук хоккей федерациясы билдирди.
Бул дивизиондогу дүйнөлүк биринчиликте ата мекендик команда бешинчи орунду ээледи. Акыркы, алтынчы орунду алган тайвандык команда үчүнчү дивизионго түшөт. Аларда 3 упай (бир жеңиш) болсо, кыргызстандыктарда бир упайга көп (бир жеңиш жана овертаймдагы бир жеңилүү — бул үчүн бир упай берилет).
Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын IIB дивизиону 6–12-апрель күндөрү Болгарияда өттү. Кыргызстан курама командасы бул мелдешке биринчи жолу катышты. Буга чейин алар үчүнчү дивизиондо гана ойношкон.
Азия чемпионатында Мээрим алтын, Айпери күмүш медаль тагынды